Биз менен байланышыңыз

Кутманова Жаратылыш ресурстар министрлигинде коррупция бар экенин айтты

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 526 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова аталган министрликте коррупция бар экенин, азыр кадр саясаты аркылуу коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын билдирди.

Ал 19-июлдагы маалымат жыйынында билдиргендей, Борбордук Азиядагы Америка университети, Кыргыз-түрк “Манас” университеттеринин бүтүрүүчүлөрүн, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча кесипкөй эколог-инженерлерди жумушка алуу аракети көрүлүүдө.

Кутманова мындай саясатка каршы чыккандар да бар экенин айтты.

«Орто звенодогу жетекчилердин арасында коррупция бар. Бул бизде да, Билим берүү министрлигинде да болгон окуя. Бирок бул тууралуу жогорку жетекчилик билбеши мүмкүн. Эң коррупциялашкан зоналар кайсы жерде аныкталганы боюнча изилдөө жүргүзүлүп, бул тастыкталды» , — деди Динара Кутманова.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда 6 айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136,4 млн сомдук айып салынды. Экологиялык блоктун маселелерине мамлекеттик экологиялык экспертиза жана экологиялык-техникалык көзөмөл, ошондой эле атмосфералык абаны коргоо жана калдыктарды башкаруу маселелери кирет.

«Биз мамлекеттик экологиялык көзөмөл системасын дээрлик жаңыдан куруп жатабыз. Алсак, отчеттук мезгилде 763 экологиялык корутунду берилген, анын ичинен 710у оң, 39у – терс, ал эми 26сы кайтарылды», — деди министр.

Кутманова белгилегендей, мындан тышкары, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136 млн 440 миң 280 сом, экологияга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 млн 112 миң 101 сом айып салынып, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандардан 596 миң 257 сом өндүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM