Биз менен байланышыңыз

Meta корпорациясы дагы 10 миң кызматкерин иштен бошотот

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 362 | 0

Facebook, Instagram социалдык тармактарына, Whatsapp, Messenger платформаларына ээлик кылган Meta Platforms корпорациясынын президенти Марк Цукерберг дагы 10 миң кызматкерди иштен бошотууга даярданып жатканын маалымдады.

Марк Цукерберг өз кайрылуусунда буга экономикалык жагдай түрткү болуп жатканын, кыскартуу процесси өтө оор өтөрүн белгилеген. Ошондой эле учурда зарыл делген 5 миң бош орунга жумушчу-кызматкер алуудан баш тартканын билдирген.

Кыскартуу алгач жумушчуларды кабыл алуу бөлүмүндө, апрель айында техникалык бөлүмдө, май айында бизнес башкармалыктарында, жетекчиликтерде жүргүзүлөт.

2022-жылы Metaнын кирешеси бир топ азайып кеткен. Буга байланыштуу былтыр ноябрь айында 11 миң жумушчу-кызматкерди иштен кетирүүгө аргасыз болгон.

Айта кетсек, буга чейин Google, YouTube компанияларын башкарган Alphabet компаниясы да 12 миң жумушчу-кызматкерин кыскарткан. Ал эми Amazon 18 миң иш орунун кыскартарын жарыялаган.

Атайын иликтөөлөргө таянып айтсак, 2023-жылы IT тармагында 123 миң иш орун кыскарышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM