Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун башчысына дагы сын айтылды

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 271 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 16-марттагы жыйынында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун ишмердүүлүгүнө сын айтышты.

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алишер Козуев Ош облусунун башчысы Жамалдинов өзүн негизсиз каралоолор менен айыптап жатканын айтты.

«Мен парламенттин өткөнкү жумадагы жыйынында Зиядин Жамалдинов боюнча облустагы, райондогу мекеме-ишканалардын, суу чарбачылыктардын жетекчилеринин оозеки арыздарынын негизинде сындап, эскертүү айттым эле. Андан көп өтпөй губернатор мага жалаа жаап, атымды атап интервью берип жатат. Далили болсо жарыяласын, болбосо элдин башын айлантпасын. Мен ага жооп берип коёюн. Зиядин Жамалдиновду президент ишеним көрсөтүп, Ош облусундагы жетекчилерди мыйзамсыз иштөөсүнөн кайтарып, карап турууга жиберген эле. Азыр тескерисинче, ал жаш, таза иштеп жаткан кадрларды өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз иштешине түртүп жатат. Менде далилдер бар. Облустагы башаламндык жогорку жетекчиликке жетпей жатат», — деди депутат Козуев.

Дагы бир депутат Шайлообек Атазов да кадр саясаты аксап жатканын белгилеп, иштей албаган министрлерди, облус башчыларын депутаттар менен айтышып отурбай, иштен кетүүгө чакырды.

Ушул эле жыйында депутат Балбак Түлөбаев да Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновго карата элден арыз түшүп жатканын, көмүр кендерге байланыштуу чатак көбөйгөнүн, облус башчысы соттун чечимдерин да аткарбай жатканын айтты.

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында өзүнө карата айтылгандарга жооп берип, дооматтар негизсиз экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин өкүлү токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын айткан. Андан сырткары гектарлаган жерлерди алып алган, мүлк жыйнаган фактылар бар экенин белгилеп, мамлекет башчысына кайрылган.

Экология министри Динара Кутманова кызматынан бошотулду

Мурдагы депутат Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылы 22-июлда дайындалган.

Ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болгон. 2020-жылы августта депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM