Биз менен байланышыңыз

Экология министри Динара Кутманова кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 242 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

2021-жылдын майынан баштап Кутманова Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы болгон.

2021-жылдын октябрында мамлекеттик комитет Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги деп өзгөртүлүп, Кутманова министр болуп бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM