Биз менен байланышыңыз

Мелис Тургунбаев экология министринин милдетин аткарат

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 306 | 0

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн жиберилди.

Мелис Тургунбаев мунай жана газ тармагындагы эксперт, экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Буга чейин Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM