Connect with us

Чет өлкөдөн келген гумжардам боюнча отчёт берүү сунушталууда

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 427 | 0

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоор биринчи окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Айсаракан Абдибаева, Винера Раимбачаева жана Тазабек Икрамов демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган Нуржигит Кадырбеков белгилегендей, Кыргызстанга жөнөтүлгөн эл аралык чукул жардамды бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкындыгын жана отчёттуулугун камсыз кылуу максатында өзгөчө кырдаалды жоюу жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык чукул жардам көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин 6 (алты) айдын ичинде Министрлер кабинетинин расмий сайтына отчётту жарыялоону милдеттендирген ченемди киргизүү сунушталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM