Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта «үч буттуу камералар» иштей баштайт

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 443 | 0

15-марттан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үч буттуу камералар айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында коюлуп жатат. Буга чейин үч буттуу камеранын алдына эскертүүчү белгилер орнотулган.

Жаңы мыйзам боюнча көрсөтүлгөн ылдамдыктан  катуу айдаса, 7500 сомдон 15000 сомго чейин айып пул салынат. Мисалы, 60 көрсөтүлгөн жерден 100 км/саат ылдамдыкта айдаса, 7500, ал эми 120 км/саат ылдамдыкта айдаса, 15000 сом айыпка жыгылат.

ИИМден билдиргендей, 8-марттан тарта өлкө аймагында мас айдоочулар мурунку убактарга салыштырмалуу 38%га азайган.

Эскерте кетсек, мурда мас айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынып келсе, жаңы эреженин негизинде мас болуп рулга отургандар бир жылга айдоочулук укугунан ажырайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин да мас болуп кармалса, укуктан ажыратуу үч жылга узартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM