Биз менен байланышыңыз

Таласта Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга боштондук талап кылышты (видео)

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 156 | 0

Талас шаарынын тургундары 14-мартта «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Айбек Бузурманкулов жана Али Шабдандын абактан бошотулушун талап кылып, президентке кайрылышты. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

Алар өз кайрылуусунда бийликке эч кандай каршылык көрсөтүү ниеттери жок экенин, болгону төрт жаранга боштондук талап кылышарын айтышкан.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук атап келишет. Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM