Биз менен байланышыңыз

Президенттин ККМ тууралуу түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 125 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине коомчулукта нааразычылыкты жаратып жаткан ККМ тууралуу түшүндүрмө берди. Төмөндө президенттин түшүндүрмөсүн толук беребиз:

«ККМ боюнча толук маалымат берейинчи. Карапайым, жөнөкөй соодагерлер илгертен бери эле салыкты жашырбай төлөп, мамлекетти багып, орто бай жана олигархтарды байытып келет. Сөзсүз түрдө ай сайын 2 миңден 5 миң сомго чейин патент алышат. Эгер 5000 сомго ай сайын патент алсаң, жылына 60 миң сом патентке төлөйсүң. Дүңүнөн сатуучулар менен олигархтар патенттерге жамынып, бир тыйын салык төлөбөй кетип калып жатышат. Биз: «Карапайым соодагерлер, силердин бир жылда саткан товарыңар 8 миллион сомдон ашпаса, патент албай эле койгула. Патентке акчаңарды коротуп эмне кыласыңар? Болгону ККМ колдонгула. ККМди да бекер берели. Силер болгону сатып алуучуга чек берип тургула», — деп суранып жатабыз. Дүңүнөн сатуучуларга «Счет-фактура алгыла. Мамлекет силерден эмес, дүңүнөн сатуучулардан, бай бизнесмендерден салык алалы. Карапайым калкты кыйнабайлы. Эртерээк бутуна туруп алышсын», — деп айтып атабыз.

Мындан сырткары мурдатан берки бүгүнкү күндө иштеп жаткан патент мыйзамдары боюнча бир патент бир эле киши үчүн болчу. Биз өзгөртүү киргизип жатабыз. Мындан ары ККМди колдонуп, саткан товары 8 миллион сомдон ашпаса, үй-бүлөсү да ошол эле ККМ менен иштей берет жана аларга эч кандай салык төлөнбөйт. Мисалы, аялы бошобой жатса, күйөөсү же кызы, же баласы дагы бир точкада бир эле ККМ менен соода кыла берет. «Эгер соодаң бир жылда 8 миллиондон ашса, анда 30 миллион сомго чейин 1 эле пайыз төлө, 30 миллиондон ашса анда салык кодекси менен иште», — деп жатабыз.

ККМге каршы чыкпоо керек. «ККМ колдонуу үчүн бухгалтер жалдашыбыз керек экен, түшүнбөй жатабыз» деген шылтоо болбошу керек.

Бүт дүйнө жүзү эбак эле ККМге өткөн. ККМдин жакшы жери эч ким салыкты жашыра албай калат. ККМ киргенден берки салыктын көбөйгөнүн айта кетейин. Мисалы, «Кайнар» тойканасы 2021-жылы 192 500 сом салык төлөсө, 2022-жылда 2 522 800 сом салык төлөдү. «Асман» тойканасы 2021-жылы 567 миң сом салык төлөсө, 2022-жылы 2 879 600 сом салык төлөдү. Бул бир эле жылда болгон жыйынтык.

Биз салыктын тарифтерин бир тыйынга да көтөргөн жокпуз. Мурдагы эле тарифтер. Же салыктын жаңы түрлөрүн киргизген жокпуз.

Салыктын өз убагында көп чогулушу – бул силердин эмгек акыңардын көбөйүшү, пенсия, жөлөк пулдардын көбөйүшү, мектеп, бала бакчалардын салынышы, жолдордун асфальттанышы жана армиянын күчтөнүшү».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM