Биз менен байланышыңыз

Облустук гезиттерди жоюуну көздөгөн токтом долбоор талкууга чыкты

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 498 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Облустук гезиттердин редакциясын жоюу жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор кабыл алынса, төмөндөгү гезиттердин редакциялары ишин токтотот:

  1. Баткен облустук «Баткен таңы» гезити;
  2. Жалал-Абад облустук «Акыйкат» гезити;
  3. «Жалал-Абад тонги» гезити;
  4. Ысык-Көл облустук «Ысык-Көл кабарлары» гезити;
  5. «Вести Иссык-Куля» гезити;
  6. Нарын облустук «Теңир-Тоо» гезити;
  7. Талас облустук «Талас байрагы» гезити;
  8. Чүй облустук «Чүй баяны» гезити;
  9. «Чуйская известия» гезити;
  10. Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезити;
  11. Ош облустук «Уш садоси» гезити;
  12. «Эхо Оша» гезити.

Токтом долбоордо андан тышкары гезиттердин редакцияларын жоюу боюнча юстиция органдарына каттоо жүргүзүү, каржы органдарына ишсиз калган кызматкерлерге жөлөк пул жана кенемте төлөө милдеттендирилген.

Айта кетсек, аймактык гезиттерди жоюу демилгеси 2019-жылы көтөрүлгөн. Министрлик демилге бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу максатын көздөөрүн, гезиттер интернет форматына өтүп, кыскарган редакциялардын ордуна заманбап медиа борборлор ачыларын маалымдаган.

Айта кетсек, Кыргызстанда бюджеттен каржыланган 34 райондук, 12 облустук гезит, 6 облустук телеканал бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM