Биз менен байланышыңыз

Президент 2,5 жылда 15 имараттын курулушуна капсула салган

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 133 | 0

Жалпысынан акыркы эки жарым жылда президент Садыр Жапаров 15 имараттын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, алардын ичинен 3 имараттын курулушу аяктап, 12 имаратта иш жүрүп жатат.

Фейсбук колдонуучусу Алмаз Темирбек президент Садыр Жапаровдун эки жарым жылда ар кандай курулуш иштерине 47 капсула салганын, бирок алардын бүткөндөрү дээрлик жок экенин жазган. Ага жооп катары  Эрбол Султанбаев 15 имаратка гана капсула салынганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM