Биз менен байланышыңыз

Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 211 | 0

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Иманалиевди эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. 2021-жылы февраль айынан октябрь айына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеди.

Өмүр баяны

Кайрат Иманалиев 1977-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

1998-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

2000-жылы ушул эле университеттин магистратурасын аяктаган.

2009-2012-жылдары Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

1999-2004-жылдары — Кыргыз улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы;

2004-2009-жылдары — ушул эле «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында башкы редактор;

2009-2011-жылдары — Кыргыз радиосунда башкы редактордун орун басары;

2007-2019-жылдары — Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин доценти;

2009- 2012-жылдары — ушул эле университеттин журналистика кафедрасынын башчысы;

2011-2018-жылдары — Коомдук телерадио берүү корпорациясында башкы директордун орун басары;

2018-2019-жылдары — Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын вице-президенти;

2018-жылдан баштап азыркы учурга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент;

2019-2021-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматын аркалаган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург. Илимий даражасы: Доцент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM