Кыргызгидромет билдиргендей, 15-мартта аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус болот.