Биз менен байланышыңыз

Москва соту «Азаттыктын» Орусиядагы кызматын банкрот деп жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 206 | 0

Кечээ, 13-мартта Москва шаарынын Арбитраждык соту Орусиядагы «Азаттык» медиакорпорациясынын атынан иш алып барган «Эркин Европа радиосу/Азаттык радиосу» (РСЕ/РС) жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп тааныды. Маалыматты Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Орусиянын Федералдык кызматы РСЕ/РС ЖЧКсын банкрот деп жарыялоо боюнча сотко 2022-жылы кайрылган. Себеби «чет өлкөлүк агент» мыйзамын аткарбаганы үчүн медиакорпорациянын орус тилиндеги тогуз долбооруна жана «Азаттыктын» орус кызматына бир нече миллион рубль айып салган. Корпорация айыпты төлөөдөн баш тартканы үчүн банкрот деп таанылган.

«Азаттык» радиосу Орусия мыйзамдарынын жоболорун журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасаган саясий цензура катары баалап, бул чечим боюнча Орусиянын башка сотторуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышарын билдирди.

Айта кетсек, Орусиянын Юстиция министрлиги «Азаттык» радиосунун 30 кызматкерин «чет өлкөлүк агент» деп жарыялаган.

Ошондой эле Орусия Украинага кол салгандан кийин «Азаттыктын» сайтына бөгөт койгон. Мындан улам корпорация Орусиядагы кеңсесин Лативиянын борбору Рига шаарына көчүрүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM