Биз менен байланышыңыз

Бирөөнүн мүлкүн өрттөгөн жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 212 | 0

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга шектелген жаранды кармашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында Талас облусунун айылдарынын биринин жашоочусу ички иштер органдарына кайрылып, белгисиз себептер менен чыккан өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаганын билдирген.

Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу келип, кароо жүргүзүшкөн. Үйдөгү издер өрттөө аракети болгонун көрсөткөн. Бөлмөлөрдөгү күйүктөрдүн айынан эмеректер жана мүлктөр жабыр тарткан. Бул учурда үйдө кожоюндар болгон эмес. Үйдөн чыккан өрттү көрүп ыкчам келишкен кошуналар өрттү өчүрүүгө киришишкен. Убагында кошуналар байкабай калса, жабырлануучулар үйсүз калышы толук ыктымал болгон.

Кийин милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул үйдү жабырлануучулардын туугандарынын бири өрттөгөнү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Талас райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө тапшырмасынын алкагында шектүү Ысык-Көл районунун аймагында кармалган. Ал 1994-жылы туулган Э.А. Ысык-Көл районунун тургуну болгон.  Мурда көп жолу соттолуп, 17 жолу ар кандай кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Болжолдуу маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран Талас районуна экөөнүн ортосунда чыккан уруштан улам жубайынын артынан барган. Анткени жубайы туугандарына келиши мүмкүн деп ойлогон. Жогорудагы кылмыш ишине шектүүнүн тиешеси бардыгы боюнча далилдер бар.

Кармалган жаран Талас милициясына тергөө амалдары жүргүзүү үчүн жеткирилген, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM