Биз менен байланышыңыз

Жактоочу Тенгиз Бөлтүрүктүн саламаттыгы начар экенин айтты

Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 303 | 0

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров Бөлтүрүктүн саламаттыгы начар экенин жана аны абакта кармоого болбой турганын айтууда.

Жактоочунун маалыматына караганда, Тенгиз Бөлтүрүккө жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор түрү диагнозу коюлган. Аны медициналык корутунду тастыктаган.

«Өкмөттүн 2018-жылдын 20-июнундагы №296 «шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакка алууга тоскоол болгон оор илдеттердин тизмесин бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, III даражадагы жогорку тобокелдиктеги жүрөк-кан тамыр оорулары оор илдеттерге кирет. Ошондуктан анын мындан ары түрмөдө болушун кыйноо катары бааласа болот», — деди жактоочу.

Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Тенгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сураган кат жолдоду

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемага байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мындан мамлекет 1 млрд сомго жакын зыян тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM