Биз менен байланышыңыз

Тенгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сураган кат жолдоду

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 308 | 0

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жолдоду. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакировдун социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.

Кайрылууда Тенгиз Бөлтүрүк алдыга коюлган үмүттөрдү жана милдеттерди актабаганы үчүн кечирим сураган.

«Жумасына 75-80 саат иштесең да, баары бир ишканалардын жана кызматкерлердин ишин көзөмөлдөй албай, «Кумтөрдө» 20 жылдан бери калыптанып калган коррупцияны жалгыз жок кыла алган жокмун. Бул мен үчүн чоң сабак, бирок мен сизге сөз бергендей, бул схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун. Азыр сиз гана менин акыйкат чечимге үмүтүмсүз. Эгер мага ишеним көрсөтүлсө, жардам берүүгө даярмын. Өкмөттөн кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Азыр баары Кудайдын жана сиздин колуңузда. Туура чечим чыгарасыз деп ишенем», — деп жазган Бөлтүрүк Садыр Жапаровго.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемага байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мындан мамлекет 1 млрд сомго жакын зыян тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM