Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 239 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 13-марттан 14-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы, башкача айтканда Төө-Ашуу ашууда, Ала-Бел ашуусунда, Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымнда,  Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107 чакырымында  Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон ашуусунда, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде жана Кара-Гөө ашуусунда, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымында,  Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чон-Ашуу ашуусунда жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

13-март күнү республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлердеги суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM