Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Өзбекстанга болгон 4 күндүк жумушчу сапары аяктады

Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 148 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон төрт күндүк жумушчу сапары аяктады. Анын иш сапары 8-мартта башталган.

Жапаров төрт күң аралыгында Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, натыйжада эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча 15тен ашуун документке кол коюлду.

Андан тышкары коңшу мамлекеттин өнөр жайы, өндүрүшү, кластердик системасы, IT-чөйрөсү менен таанышты.

Төрага иш сапарды жыйынтыктап жатып, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине Өзбекстандын алдыңкы тажрыйбасын колдонуу аркылуу өнөр жайды өнүктүрүү, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, бул жааттагы атайын долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жол карта түзүп чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев жетектеген мекемелер аралык жумушчу топ түзүлө турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM