Connect with us

Иманалиев билим берүү тармагын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 391 | 0

Бүгүн, 11-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүм башчылары, эксперттер менен реформалар жөнүндө кеңешме өткөрдү.

 

Кеңешмеде мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы, башталгыч жана орто кесиптик, жогорку билим берүү жана илим тармагындагы реформалардын мүмкүн болгон багыттары каралды.

Катышуучулар билим берүү жана илим тармагындагы көйгөйлөрдү, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү менен камтуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгилешти.

Мектепке чейинки билим берүү ишин лицензиялоодон кабарлоо системасына өтүү, PISA-2025 изилдөөсү башталганга чейин окуучулардын функционалдык сабаттуулугу боюнча 5 жолудан кем эмес олимпиадаларды өткөрүү, 9-10-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу ЖРТ сыноо, мектепте окутуу укугун алуу үчүн мугалимдерди көз карандысыз сертификациялоо, “Мыкты мугалим” республикалык кароо-сынагын жаңы форматта уюштуруу, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү үчүн дуалдык окутууну киргизүү, формалдуу эмес окутуунун натыйжаларын таанууну жөнгө салуу керектигине токтолушту.

Мындан сырткары, ЖОЖдорду ирилештирүү, ЖОЖдорду «ачык университеттерге» айландыруу, чоңдор үчүн үзгүлтүксүз кесиптик окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, илим фондун түзүү, жаш окумуштуулардын долбоорлору үчүн гранттарды бөлүү, Касым Тыныстанов атындагы сыйлыктарды уюштуруу жөнүндө сунуштарды талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM