Connect with us

Баткенде мыйзамсыз ташылган аткезчилик жүк кармалды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 289 | 0

Баткенде салмагы 3,5 тонна контрабандалык жер семирткич аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бажычылыр тарабынан Баткен районунда М.Н.З. аттуу Кыргызстандын жарынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстандан чыккан 40 кап аммиак селитрасы табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документи болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 2 тоннаны, орточо базар баасы 84 миң сомду түзөт.

Ошондой эле Ш.Н.Ж. аттуу кыргыз жаранын башкаруусунда Ford Tansit үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 30 кап аммиак селитрасы табылган, жалпы салмагы 1,5 тоннаны, баасы 63 миң сомду түзөт.

Аталган 2 факт боюнча топтолгон материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM