Connect with us

Белгилүү кинорежиссёр Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 204 | 0

КРдин эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Марат Сарулу 9-март күнү 66 жашында көз жумган. Анын соңку белгилүү кинокартинасы «Көч» деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.

Марат Сарулу 1957- жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Алгач Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1984- жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон.

«Бетме-бет», «Бороондуу бекет», «Эрте келген турналар», «Найман эненин ыйы», «Колукту» сыяктуу бир катар белгилүү тасмалардын сценарийин жазып, режиссёр катары «Эргүү», «Мандала», «Эне», «Алтын кыргоол», «Көч» сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын тарткан фильмдери бир катар республикалык жана эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарды алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM