Connect with us

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды (видео)

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 196 | 0

Орусиянын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

10-мартта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

Кармалган жаран Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Орусиянын ФСБсы аркылуу Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162 -(Каракчылык), 209 -(Бандитизм), 222 -(Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226- (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ошону менен бирге, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң долларга Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM