Connect with us

«Нарын» аэропортун реконструкциялоо иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Нарын» аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Анда ал аэробекетинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

«Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аткарылган иштер тууралуу президентке маалымат берди.

Анын айтымында, аэропорттун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон – 1974-жылы ишке берилген.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жокутугунан аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган. Оңдоо иштери аяктагандан кийин Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM