Connect with us

Чек арадан мыйзамсыз өткөн террористтик топтун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 1374 | 0

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет өлкөнүн 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.

Кармалган жаран жасалма паспорт алып, андан кийин Сириянын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталган.

Учурда УКМК тарабынан анын Кыргызстандын аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM