Connect with us

Орунбеков президенттин 2 жылда көп жакшы жумуштарды аткаргандыгын жазды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 224 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда президент Садыр Жапаров кызматка киришкен 2 жыл аралыгында көп жакшы жумуштар аткарылгандыгын жазган.

Анын айтымында, Кумтөр кени мамлекетке алынып, өлкө бюджети эки эсе көбөйүп, аскердик, айыл-чарба техникалар сатып алынган. Шаар үчүн автобустар, тик учактар алынган.

«Таласта «Бала-Саруу», Нарында «Куланак» ГЭСтери, андан тышкары 50дөн ашык чакан ГЭСтери курулууда. Өткөн жылы Бишкек шаарында эле 5 ай ичинде 15 мектеп, 1 бала бакча курулду. Бир канча социалдык объектилер, реабилитациялык борборлордун курулушу бүттү. «Камбар Ата- 1» ГЭСи, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу сыяктуу кылымдын долбоорлору башталды. Быйыл чоң-чоң больницалар курулат, бюджеттен каржыланып асфальт жолдор салынат», — деп жазган Орунбеков.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM