Connect with us

Баткен облусунун тургундары 2,7 млн сомго насыя алышкан

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 157 | 0

2022-жылдын 18-ноябрынан ушул жылдын 28-февралына чейин финансы-кредиттик уюмдары Баткен облусунун тургундрына 2 799, 9 млн сомго 27 207 насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-февралына карата финансы-кредит уюмдарына жарандардан 514 карыз алуучу кайрылып, 36,2 млн сом суммасында 377 кредит жоюлган жана 66,5 млн сомдук 227 кредит реструктуризацияланган.  

«Кепилдик фонду» 115,5 млн сомго 228 кепилдик берген. Мунун аркасында 254,4 миллион сомго 232 насыя алынган.

Учурда финансы-кредиттик уюмдары Баткенде жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.  

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM