Биз менен байланышыңыз

Пекинде кыргыз-кытай кошумча аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 340 | 0

Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстандын элчиси Актилек Мусаева Кытайдын жарандык авиация администрациясынын эл аралык департаментинин директору Чэнь Вэй менен 10-мартта жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө авиация тармагындагы эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек менен Пекиндин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу, ошондой эле кошумча аба коридорлорун ачуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк каттамдарын уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM