Биз менен байланышыңыз

Чет элдик инвесторлор тарабынан 20 миң кишилик мечиттин курулушу башталды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 190 | 0

Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу башталып, президент Садыр Жапаров капсула салды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана медресе кирет.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ушу тапта ар кандай чагымчыл диний агымдардын кооптуулугу бар экенин айтып, мындай шартта өсүп келаткан жаш муундардын ата салтын сактап, баалуулуктарды барктап, ошол эле маалда ыйманын күчтөй турган мечиттердин курулушун колдоо керектигин билдирди.

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоордун баасы 51 млн доллар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM