Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Жапаров Манас айылындагы этникалык кыргыздар менен жолукту

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 128 | 0

Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Анда ал чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү Президенттин жана Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

«Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 2018-жылы «Ыңгайлуу айыл» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM