Биз менен байланышыңыз

Баткенде дүкөндөн 470 миң сомдук кийим уурдаган 6 жигит кармалды

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 131 | 0

Баткен шаарында дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну ушул жылдын 18-февралына караган түнү Баткен шаарындагы эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар жалпы суммасы 470 миң 600 сомдук болгон сатыкта турган кийим-кечелерин уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын Бирдиктүү реестирине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-март күнү Баткен шаарынын 18 жаштагы беш тургуну жана 17 жаштагы бир тургуну аныкталып, кармалган.

Кармалган учурда алардын жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган. Учурда 18 жаштагы беш жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM