Биз менен байланышыңыз

Былтыр «Кумтөргө» 1 млрд доллар киреше түшкөн

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 147 | 0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2022-жылы 555 миң 691 унций, тагыраагы, 17 миң 284 кг алтын сатылган. Мындан түшкөн жалпы киреше 986,5 млн доллар болгон.

2009-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Өкмөт аралык алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимде (РПСА) каралгандай, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААКы тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатууга өзгөчө укук алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимдин жоболоруна ылайык «Кыргызалтын» ААКка гана таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM