Биз менен байланышыңыз

Президент ЖККУнун башкатчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 159 | 0

Бүгүн, 10-мартта президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле Уюмдун алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Имангали Тасмагамбетовду жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктап, аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо үчүн Уюмдун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга ал өзүнүн турмуштук жана кесиптик тажрыйбасын толугу менен жумшаарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

«Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат», — деп белгиледи Президент.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы ЖККУнун ШКУ, КМШ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк өз ара аракеттерди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасады.

Өз кезегинде ЖККУнунбашкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Уюмдун жакынкы келечектеги программалары жана артыкчылыктары, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге Имангали Тасмагамбетов президент Садыр Жапаровго төрагалык кылуучу тарап — Беларусь Республикасы тарабынан бекитилген Жамааттык коопсуздук кеңешинин ноябрдагы (2022-жыл) сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Тараптар ЖККУнун алкагында бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM