Кыргызстанда мектеп окуучулары 20-марттан 26-мартка чейин жазгы каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мектептердеги төртүнчү чейрек 27-мартта башталат.
«2022-2023-окуу жылында окуучулардын жазгы каникулу 12 күнгө созулушу керек. Бирок январь айында өлкөдө сасык тумоодон улам кышкы каникул узартылганына байланыштуу жазгы эс алуу кыскартылат», — деп айтылат маалыматта.