Биз менен байланышыңыз

X, Y, Z, Альфа: Муундар арасындагы айырмачылык жана өзгөчөлүк

Блог | 10 Мар 2023 | 872 | 0

Жаштардын жүрүм-туруму, ой-кыялы улуу муун үчүн ар дайым табышмак. Бул — эзелтен келаткан муундар аралык мамиленин чечилбес түйүнү.

Жаштар ар качан көзгө көрүнүүнү, жаңы бир идеяларды ойлоп таап, жаңы стилди жаратуу аркылуу коомдо биринчи болууну самашат. Капчыгы жука болсо да, максатын бийик койгон алардын ар бир кадамы чоңдордун көңүлүн буруп, ал тургай айрымдарынын кыжырын кайнатып, ортодо пикир келишпестикти, түшүнбөстүктү пайда кылат. Дал ушундай муун аралык ажырым бүгүн эле пайда боло калган жери жок.

Албетте, ар бир доордун өзүнүн өзгөчөлүгү, өзүнүн мыйзамы, өзүнүн тиричилиги болот. Жашоо мына ошонусу менен ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары табышмактуу.

Эмнегедир жылдан-жылга муун аралык ажырымдын кеңейип баратышы ар бирибизди ойлондурбай койбойт. Жыл өткөн сайын мына ушундай улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы алака, кагылыш (конфликт) өзгөрүп турары анык. Бул — табигий процесс.

Мындай түшүнбөстүктөрдөн улам психологдор атайын муундарды бөлүп карашып, ар бир муунга өзүнчө мүнөздөмө беришкен. Муну менен психологдор муун аралык кагылышты чечүү оңойго турарын ырасташат.

Беби бумерлер

XX кылымдын эң биринчи мууну — «беби бумерлер». Буга 1940-жылдан 1979-жылга чейин төрөлгөндөр кирет. Бул муундун ой-максаты, идеологиясы бир болгон. Ар бири Мекен үчүн жан үрөп кызмат кылышкан. Муну менен алар өзүлөрүн көмүскөдө калтырышып, «Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн» деген чакырык менен адамдар кандайдыр бир программага чектелишип, чыныгы эмес, жасалма турмушта (иллюзия) жашашкан. Азыр деле эски түшүнүктү салт катары кармагандар арбын. Мунун баары бир адамдын программасы болгон. «Жамаатташтыруу (коллективизация)» саясатынын артында «бардык адамга бирдей шарт» деген ураанга сугарып, ар бир адам өзүнчө «инсан» боло аларын унуткартып, жөн гана «буйрук берүү», «буйрук аткаруу» менен гана күн кечирткенин тарых тастыктайт.

Х муун 

Кийинки муун 1980-1989-жылы туулгандар. Буларды психология илими «арабөк же белгисиз муун» катары сыпаттайт. Себеби алар советтик коомдо төрөлүшүп, балалыгы капиталисттик реформа башталган жылдарга туш келген. Бир доордон экинчи доорго өтүүдөгү эки башка программа, эки башка реформа Х муунду кыйла алдастатып, кайсыл жээкти тандаарын билишпей, чайналып калышкан. Жаңы замандын шартына көнгүсү келсе да, «беби бумер» муун (эне-атасы, мугалимдери) түзүп кеткен эрежеден кантип чыгууну билишпейт көп учурда. Кыйчалыш мүнөздөгүлөр — дал ушулар. Өз алдынча иштөөдө, бир ишти баштоодо, жаңыланууда кыйынчылыктарга туш болушат. Бул муунда калыптанган «эрежеде» жүргөндөрү да, баарын чийип салып, жаңы замандын шартына ыктап кеткендери да бар.

Y муун

1990-1999-жылдар аралыгында төрөлгөндөр. Союз ыдырап, Кыргызстан эгемендик алып, багыты так болбой, кыйчалыш абалда турган доор болгон бул учур. Сырттагы адам тургай, ичтеги түйүлдүк да «Жарыкка чыксам, кантип жашап кетем?» деген арасат абалда калган. Баягыдай бирдиктүү ураан чакырган, баарын камдап берген заман жоюлуп, «этиң тургай, табагыңды таап ал» деп, ар ким өз арабасын өзү тартууга өткөн. Бала тарбиялоо кийинки орунда калып, башкы орунга жан сактоо, курсак тойгузуу чыккан. «Мигранттын балдары» деген ат да ушул муундагыларга көбүрөөк тиешелүү.

Мындан улам психологдор бул муундагыларды мындай сыпатташат: 1990-жылдан кийин төрөлгөн балдарда коркунуч басымдуулук кылат. Бирөөгө жашоо тизгинин берип коюу, жүгүн бирөө менен бөлүшүү өтө эле кыйынга турат. Булардын ишеничине кирүү да өтө кыйын. Жакшы жагы турмушунун эки тизгин, бир чылбыры өз колунда экенин түшүнөт. Андыктан өзүмчүл келишип, мурункулардай «эл эмне дейт, ата-энем эмне дейт?» деген көз карашты жүрөктөрүнөн таптакыр чийип салышат. Ошол эле маалда ар биринин ичинде «акча табуу, бай жашоо» деген сезим жашайт. Булар үчүн акча, байлык, мансап башкы орунда турат. Руханий байлыкты да артка сүрүп ташташат. Байып кеткен күндө да тапкан-ташыганын сарптоодон, акчасын туура эмес коротуп алуудан коркушат. Учурдун жаш ата-энелери — ушулар. Булардын дагы бир жакшы жагы «эне-атасыз өсүү» деген кандай болорун терең билишкендиктен балдарына өзгөчө камкор келишет. Мындан улам балдарын өксүксүз өстүрүү үчүн эне-атасына же бала багуучуга, же бала бакчага берип, көбүрөөк акча табууга умтулушат.

Z муун 

XXI кылымдын алгачкы жылдарында, тагыраагы, 2000-2020-жылдар аралыгында төрөлгөн балдар. Техника өнүгүп, чөнтөк телефон көбөйүп, жаңы ачылыштарга бай мезгилде жарыкка келишкен. Бул муун ааламдашуу дооруна туш болгондуктан ылдамдык, көп маалымат алуу, жашоону жеңилдетүү сыяктуу сапаттарды ала жүрүшөт. Алар баарына кызыгат, аз убакытта көп ишти жасай алышат. Ар түрдүү, жаңы нерселерди жасагандан тартынышпайт. Улуу муунду таң калтыруу менен улам бийиктей беришет. Мисалы, беш жыл билим алганы менен кийин иштеген ишин, кесибин алмаштырып кетүүдөн коркушпайт. Ою эч нерсеге байланбаган, эркин учканды билген акылдуу муун экенин психологдор да баса белгилешет. Акчага, эски түшүнүктөргө, «Эл эмне дейт?» деген стереотипке түк баш оорутушпайт, мендигин изилдешет. Максатты да бийик коюшуп, анын аткарылбай калышынан да чочулашпайт. Эң эле негизги көздөгөндөрү: өсүп-өнүгүү, жаңылануу жана дүйнө кыдыруу. «Сөзсүз үй-бүлө куруп, түтүн булатуу» деген түшүнүк жок. Төрөлгөндөн тартып эле эмне каалаганын билген, ошондой эле беткабы жок жашаган муун. Бул муундун өкүлдөрүнө бир нерсе таңуулап же мажбурлоо туура эмес, анткени алар өзүлөрү эмне керегин, эмне керек эмесин жакшы билишет.

Альфа муун

Бул муундун алды үчкө кадам басып калды. Жарык дүйнөнү жаңыдан көрүп жаткандыктан жана арты дале келе элек болгондуктан азырынча иликтенбей турат. Айрымдар бул муун Z муундан да акылдуу, билимдүү болорун божомолдошот.

Даярдаган: Аида Омурзакова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM