Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаранды Өзбекстанда барымтага алып, акча талап кылышкан (видео)

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 377 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматтарынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу кыргызстандык жаранды уурдаган Өзбекстандын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны кармалды.

2023-жылдын 28-февралында кыргызстандык жаран УКМКга белгисиз бирөөлөр агасын Өзбекстандын аймагына уурдап кетишкенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Такталгандай, жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу О.Т.Т. аттуу жаранды Өзбекстанга алып өтүп, барымтада беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 7-мартта уурдалган кыргызстандык жаран мекенине алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM