Connect with us

Арипов: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун тез арада курууга умтулабыз

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 228 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транспорт-коммуникация, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты.

Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин, ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүү ролун белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы ич ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн эки млрд доллар жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Абдулла Арипов кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, жалпысынан өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

«Өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүк бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз», — деди Арипов.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM