Connect with us

Былтыр «Манас» аэропорту 2,6 млндон ашык жүргүнчүнү тейлеген

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 194 | 0

Өткөн жылы «Манас» эл аралык аэропорту 2 млн 695 миң 883 жүргүнчүнү тейлегенге жетишти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 763 миң 394 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 1 миллион 932 миң 489 жүргүнчү катталган.

2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 26,8%га жогорулаган.

«Манас» эл аралык аэропортунда жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 24 миң 254 аба каттам аткарылган. Анын ичинен ички – 6 миң 421, эл аралык – 17 миң 833 каттам аткарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM