Кыргызгидромет билдиргендей, 10-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21 градус болот.