Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы келет

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 157 | 0

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуулары пландалган.

Белгиленгендей, Тасмагамбетов ЖККУ башкы катчысы катары Бишкек алгачкы жолу келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM