Биз менен байланышыңыз

Баткен: Депутат кенемте маселесин чечүүнү талап кылды

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 196 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 9-марттагы жыйынында Баткен облусунун Лейлек районунда былтыр сентябрда болгон чек ара жаңжалында жабыркаган жашоочулардан арыздар түшүп жатканын айтты.

Көбүнчө үйлөрү, бизнеси тонолгондор мамлекет бере турган кенемтени ала албай жатышканын айтып, даттанышкан.

«Өкмөт бердик дейт, жабыркаган жашоочулар албадык дешет. Мага жүздөгөн кат келип жатат, баарын өкмөткө жөнөтүп атам. Кенемте маселесин чечип берсеңер. Урматтуу төрага, жакынкы күндөрү өкмөттүн отчетун угушубуз керек болуп жатат. Мисалы, Баткен облусуна өзгөчө макам берүү мыйзамынын аткарылышы жөнүндө», — деди депутат Талиева.

2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Анын алкагында, Баткен облусундагы 62 айылдын тургундарына жеңилдиктер берилген.

Copyright © 2017 Maral FM