Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү талкууланды

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 139 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Казакбаев боордош түрк элине президент Садыр Жапаровдун, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Кыргызстан элинин атынан 6-февралдагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу алака маселесин, тактап айтканда, соода-экономикалык мамилени чыңдоо, анын ичинде кыргыз-түрк (инвестиция) фондун түзүү, Кыргызстанга түрк инвесторлорун жөнөтүү, андан тышкары түрк компаниялары менен кыргыздардын ортосундагы талаш учурларды калыс чечүү, түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташуу пландарын талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM