Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Өзбекстандагы унаа заводго барды (сүрөттөр)

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 139 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында Анжиян облусунун Асаке шаарындагы UzAuto Motors унаа заводуна барды.

Заводдун өндүрүшү менен таанышкан Жапаров ишкана инвестиция тартуунун, процессти натыйжалуу уюштуруунун жакшы үлгүсү экенин белгиледи.

«Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында UzAuto Motors заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек», — деди ал.

Айта кетсек, 1993-жылы Түштүк Кореянын Daewoo жана Өзбекстандын UzAvtoSanoat компаниясы автозавод куруу боюнча келишим түзүшкөн. Мунун негизинде 1994-жылы Өзбекстанда курулуш иштери башталып, 1996-жылы алгачкы Damas унаасы чыгарылган.

Учурда заводдон Chevrolet бренди менен Damas, Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse, Tahoe үлгүсүндөгү унаалар чыгарылып келет.

Завод өткөн жылы 327 миң унаа чыгарган, быйыл аны 400 миңге жеткирүү пландалып жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM