Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Феминисттик демилгелер» уюму жүрүш өткөрдү

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 280 | 0

Бишкек шаарында «Аялдар укугу үчүн» аттуу жүрүш өттү. «Бишкек феминисттик демилгелери» уюму уюштурган акцияда  «Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик» ураанын чакырылган.

Колдоруна ар кандай ураан баракчаларды көтөргөн катышуучулар Кожомкул атындагы спорт ордосунан баштап, Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басып келишти.

Жүрүш өткөрүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясы жана Ички иштер министрлиги менен макулдашылганы айтылды. Иш-чараны милиция кызматкерлери тыкыр көзөмөлдөп турушту.

Акциянын катышуучулары бийликке төмөнкүдөй он талап коюшкан:

  1. зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын түзүү;
  2. үй-бүлөсүнө зомбулук жасагандарды жоопко тартуу;
  3. ар бир районго мамлекет тарабынан каржылануучу кризистик борборлорду ачуу;
  4.  аялдардын коомдук жана эмгек укуктарын кепилдикке алуу;
  5. балдары багуу үчүн алимент өндүрү алуунун механизмин киргизүү;
  6. аялдардын саясий укуктарынын сакталышын камсыздоо;
  7. соттордун адилеттигин камсыздоо;
  8. сөз эркиндигине, чогулуштарга жана уюмдарга кол салууларды токтотуу;
  9. татыктуу медициналык камсыздоо;
  10. билим алууга шарт түзүү.

Айта кетсек, бул жүрүш 2020-жылдан бери жыл сайын 8-мартта уюштурулуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM