Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар көчүрүлөт

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 136 | 0

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан район жана шаардагы кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулук жогору болгон аймактардагы жашоочуларды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлуп, калктуу конуштун жашоочулары каалабаса, мажбурлоо иретинде көчүрүү керек экендиги адистер тарабынан баса белгиленүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Облус аймагында 1 миң 160 үй-бүлө жер көчкү, сел каптоо, таш кулоо, кар көчкү түшүү кооптуулугу бар аймакта жашап келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM