Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта жол эрежесин бузгандарга айып пул көбөйөт

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 450 | 0

Өлкөдө бүгүндөн тарта жол эрежесин бузгандарга салына турган айыптын өлчөмү көбөйдү. Бул жааттагы мыйзамга мамлекет башчысы кол коюп, 8-мартта күчүнө кирери кабарланган.

Жаңы мыйзам боюнча мас айдоочулар бир жылга (мурда 17 500 сом айып төлөчү), эгерде дагы кайталаса, үч жылга күбөлүгүнөн ажыратылат. Эгер айдоочунун күбөлүгү жок болсо, үч суткага камакка алынат.

Ичимдик ичкенин текшертүүдөн баш тарткан айдоочулар үч суткага, айдоочулук укугу жоктор беш суткага камалат.

Укугу бар мас айдоочу кырсыкка кабылып, башкалардын ден соолугуна зыян келтирсе, бирок жоругунда кылмыштын курамы жок болсо, бир жылга күбөлүгүнөн ажырайт. Ал эми укугу жок мас айдоочу жети суткага камалат.

Андан тышкары бир катар эреже бузуулардын айып пулу көбөйтүлдү:

  • Белгиленген ченемден 40-60 чакырымга катуу айдаса 7500 сом, 60тан да ашып кетсе 15 миң сом;
  • Каршы тилкеге чыгып кеткендерге 15 миң сом;
  • Кызылдан өтүп кеткендерге жана тротуар менен айдагандарга 5500 сом;
  • Бейбаштык кылгандарга 15 миң сом;
  • Унаасына жасалма номер кадап алгандарга 20 миң сом айып салынат. Бул кайра кайталанса, бир жылга күбөлүгүнөн ажыратылат.

Андан тышкары бир жылда үч жолу жол эрежесин бузгандар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт:

  • Номурун атайы жаап алгандар же бир жагына кадабай койгондор;
  • МАИнин унааны токтотуу талабына баш ийбегендер;
  • Сирена менен бараткан унааларга (тез жардамдын, өрт өчүрүүчүлөрдүн же башка) жол бербегендер;
  • Озуп өтүү же маневр жасоо эрежесин бузгандар;
  • Бирөөлөрдүн ден соолугуна зыян келтиргендер (айдоочунун жоругунда кылмыш белгилери жок болсо);
  • Унаасын мас адамга же айдоочулук укугу жок адамга бергендер.
  • Машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендер.

Айдоочулар мурда 10 миң сомго чейинки төлөнбөгөн айып пул менен жүрө алса, мындан ары 3 миң сомдон ашкандан тарта унаасы айып короого токтотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM