Биз менен байланышыңыз

Министр мугалимди шылдыңдаган видео тартылган мектепке барды

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 833 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова менен бирге шаардагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барды.

Аталган мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видеосу социалдык тармактарга тараган.

Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сураган.

Каныбек Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырды. Ал мамлекеттик саясат да мугалимдерди колдоого багытталганын белгилеп, президент билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Ошондой эле министр кайсы окуучу жакшы эжей, мектеп, билимдин баркы жөнүндө ролик жасаса, окуучуларга атайын сыйлык бере турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM