Биз менен байланышыңыз

Жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомунун 27-пункту жоюлду

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 749 | 0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, 5-мартта Садыр Жапаров Ак-Ордо жаңы конушуна барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдө токтомдун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон.

«Жаңы конушка барып келгенден кийин мамлекет башчы бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди», — деп айтылат маалыматта.

Президент 6-мартта жер мунапысы багытында канааттандырарлык эмес иш алып барганы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM