Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик символдорду туура эмес колдонгондорго жаза күчөтүлөт

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 498 | 0

Экономика министрлиги мамлекеттик символдорду колдонуу ченемдерин бузгандар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо. Долбоор коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка караганда, 623 мамлекеттик мекемеде жана уюмда мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында колдонулган мамлекеттик символдордун 90%ы техникалык талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

Буга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленди. Долбоорго ылайык, Кыргызстандын желегин жана гербин даярдоодо, сатууда жана колдонууда техникалык шарттарды бузганы үчүн жазаны катаалдатуу каралууда.

Жеке адамдарга — 5 миң сом, юридикалык жактарга — 17 миң сом.

Мамлекеттик символдорго карата тыюу салынган аракеттердин тизмеси да кеңейүүдө. Мисалы, желектин жана гербдин сүрөтүн геральдикалык негиз катары пайдаланууга, бузулган же өңү бузулган желекти жана гербди колдонууга, техникалык талаптарга ылайык келбеген желекти жана гербди даярдоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

Бул беренелер бузулса, «Укук бузуулар жөнүндө» мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик каралат.

Copyright © 2017 Maral FM