Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө

Кыска кабар | 6 Мар 2023 | 164 | 0

Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык жерге мыйзамсыз имаратын куруп алган Б.А. аттуу жаранга карата доо арызы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен канааттандырылды.

Сот департаменттин доо арыздарын канааттандырып, жалпы аянты 326,7 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алган.

Түрттүрүү иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM